Бугу 08, 2024
Убакыт: 00:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Тажикстанда коронавирус 15 кишиден табылды

01.05.2020 09:02
1119
Тажикстанда коронавирус 15 кишиден табылды

 

Тажикстанда коронавирус жуктурган 15 адам аныкталды. Бул тууралуу пандемиянын алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.


Алардын билдирүүсүндө, Душанбе шаарында 5 адам, Хожентте 10 кишиден коронавирус табылган.


Буга чейин тажик бийлиги өлкөдө коронавирус каттала элек экенин билдиргени менен ооруну ооздуктоо аракеттерин көрүп жаткан. Расмий адамдар соңку күндөрү оорудан ажал тапкан адамдардын илдети башка болгон деп ишендиргенге аракет кылышкан.


Душанбеде ири базарлар 30-апрелден 10-майга чейин жабылды. Өткөн аптада бийлик мектептерди эки жумага каникулга тараткан жана футбол боюнча мелдештерди токтоткон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн