Тажикстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 2929 кишиге жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде COVID-19дун жаңы 191 учуру катталып, оорудан 2 адам каза болсо, 212 бейтап сакайган.
Илдетти жуктургандардын жалпы саны 2929 кишиге жетип, инфекциядан көз жумгандар 46 адамды түздү. Ал эми дарттан айыккандар 1301 бейтапка жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн