Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандарга ооруканаларда орундар жетишсиз болууда

14.05.2020 17:58
1050
Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандарга ооруканаларда орундар жетишсиз болууда


Тажикстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандарга бейтапканаларда орундуктар жетишсиз болууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мирхамуддин Камолзода билдирди.


Маалыматка ылайык, 5 284 орунду түзгөн 30 оорукана бар. Ал эми Душанбе шаарында илдетти жуктуруп алган бейтаптар үчүн 3 миң орундуу убактылуу оорукананын курулушу башталган.


Ошондой эле Мирхамуддин Камолзоданын айтымында дарттан чочулап ооруканага кайрылгандар көп, аларды коронавирустун ачык белгилери болгондо гана бейтапканаларга кабыл алат.


Учурда Тажикстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 800 кишиден ашты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Маша
Ух ты!(((