Тажикстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир суткада 52ге көбөйүп, алардын жалпы саны 128ге жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаганын “Азаттыктын” тажик кызматы жарыялады.
2-майда Тажикстанда COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 76га жеткени маалым болгон эле. Ошондой эле 2 адам бул дарттан өлгөнү жарыяланды.
Буга чейин Дүйнөлүк банктын (ДБ) коронавирусту чукул жөнгө салуу боюнча долбоору Тажикстанда COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин адам жугузуп алышы ыктымалдыгы билдирген эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн