Тажикстандын мектептеринде бүгүн, 1-апрелде окуу башталат. Бул тууралуу Тажикстандын басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги жазгы каникул аяктаганын, 1-апрелде окуу башталарын маалымдаган. Ал эми Тажик бийлиги бардык орто мектептер коронавирустун жайылышына каршы дезинфекцияланганын билдирүүдө. Тажикстанда мектеп окуучулары жазгы каникулга 21-мартта таратылган. Он күн аралыгында мектептер эки жолу дезинфекцияланган.
Белгилей кетсек, Тажикстанда коронавирус илдети каттала элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн