Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 14:06
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Тажикстанда митингге чыккандар жазаланды

12.02.2021 09:16
474
Тажикстанда митингге чыккандар жазаланды

Тажикстандын Халтон облусунун Хурсон районунун тургундары митингге чыкканы үчүн жазаланды. Хурсон районунун соту акцияга катышкан 5 тургунду 1,6 жылга эркинен ажыратып, 5 жаранга 5 800 сомони (515 доллар) айып салды. Бул чечим өткөн жылдын 20-ноябрында эле күчүнө киргенин Тажикстандын Жогорку сотунун маалымат кызматы тастыктаган.  



2020-жылдын 14-16-майында Тажикстандын Халтон облусунун Хурсон районунда элдер миттинге чыгып, жолду бууган эле. Алардын мындай акцияга чыгышына сел каптаган аймакка бийлик тарабынан эч кандай жардам болбогону себеп болгон. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн