22-мартта Тажикстандын Худжанд шаарында президент Эмомали Рахмон жана Согдий облусунун башчысынын катышуусунда Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Эмомали Рахмон жалпы тажик элин жана Согдий облусунун жашоочуларын, чет жакта жашаган мекендештерин жана Ноорузду майрамдаган бүт мамлекеттерди майрамы менен куттуктаган.
Куттуктоо сөзүнөн кийин Нооруз майрамына карата Тажикстандын маданият кызматкерлеринин катышуусунда концерттик программа тартууланган.
Тажикстанда коронавирус илдетине бир да адам чалдыга элек.
Пикирлер (1)