Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:39
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Тажикстанда полиомиелит илдети катталып, өзгөчө кырдаал жарыяланды

24.03.2021 17:07
1071
Тажикстанда полиомиелит илдети катталып, өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда полиомиелит илдети козголгонун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. 


18-мартка карата Тажикстанда полиомелит жуктурган 4 баладан шал оорусу катталган. Ошондой эле алардын жакындарынан да полиомелит тастыкталган. Тажикстанда шал оорусуна алып келген алгачкы бейтап 2020-жылы 22-ноябрда Хатлон облусунда катталган. Экинчи оорулуу дагы Хатлон облусунда ушул жылы февраль айында аныкталган. Ал эми 8-мартта Гиссар шаарында илдетке чалдыккан дагы эки адам катталды. Учурда полиомелиттин козголушун тыкыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Адистер ооруканаларды кыдырып, илдет жуктурган балдар менен байланышта болгон жарандар көзөмөлгө алынды.


18-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда чыккан полиомелит илдети тууралуу маалыматты карап чыгып, аны 2-даражадагы оордуктагы өзгөчө кырдаал катары жарыялады. Бул даражадагы өзгөчө кырдаал коңшу өлкөлөргө дагы тиешелүү, себеби ал өлкөлөр даярдык көрүп, ооруну алдын алуу, аныктоо жана полиомелит жуктурган балдарды дарылоого даяр турушу керек.


2019-жылы дүйнөдө полиомелит илдетин жуктурган адамдардын саны өсө баштаган. 2020-жылы бул илдет Афганистандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга жакын аймактарында аныкталган.


Полиомелит — инфекциялык оору, вирустар аркылуу жугат. Балдардын нерв системасын жабыркатып, шал оорусуна алып келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн