Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:40
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Тажикстанда селден 9 киши каза болду

20.07.2021 16:31
1136
Тажикстанда селден 9 киши каза болду

Согду облусунун бир катар аймактарын сел каптап, кеминде тогуз кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан билдирди. 


Алдын ала маалыматтарга караганда, Пенжикент шаарында сел алгандардын төртөө балдар экени айтылууда. Жаратылыш курмандыгы болгондордун ичинен жети кишинин сөөгү табылган, экөөнү куткаруучулардын издеп жатканы кабарланды. Көз жумгандардын кээ бирлери жаратылыш кырсыгына жайлоодо жүрүп кабылган.


Сел Пенжикент шаарын эле эмес, бир эле учурда республиканын түндүк жагындагы бир нече кыштактарды да каптаган. Окуяга күбө болгондор Вашан, Дашти Кози, Рузи Обнок жана Киштудаки Поен айылдарындагы үрөй учурган селди видеого тартып алган. Түрмөктөлүп келген суу адамдардан сырткары үйлөрдү бузуп, көпүрөлөрдү алып, жолунан кездешкен автоунаалар менен малды кошо агызып кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн