Бугу 02, 2024
Убакыт: 14:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Тажикстанда селдин кесепетинен 13 киши каза болду

28.08.2023 16:01
1760
Тажикстанда селдин кесепетинен 13 киши каза болду


Кечээ, 27-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Тажикстанда 13 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмондун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жамгырдан Вахдат шаарында 11, Рудаки районунда 2 адам курмандыгы болгон. Рахмон премьер-министрге, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетине жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү тапшырган. 


Жекшембиде жааган нөшөр Дүйшөмбү-Ходжент жолунун тилкелерине да олуттуу зыян келтирген: ал жерде сел, жер көчкү жана таш кулаган. Аталган трассада кыймыл убактылуу токтотулган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн