Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:31
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Тажикстанда жүк ташуучу унаа үйлөрдү сүзүп, он адам каза болду

07.08.2023 12:47
1915
Тажикстанда жүк ташуучу унаа үйлөрдү сүзүп, он адам каза болду


Өткөн түнү Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб шаарында тормозу иштебей калган жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, он адам каза болуп, дагы 14ү жарадар болгонун РИА Новостиге Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи билдирген.


Кырсык Дүйшөмбү-Куляб-Хорог унаа жолунда болуп, "Сомони" базарынын жанында "Дулан" жүк ташуучу унаа бир нече жеңил унааны сүзүп, үйлөрдү сүзгөн.


«Кулябда мурунку түнү болгон кырсыктын кесепетинен он адам каза болуп, дагы 14ү ар кандай деңгээлдеги жаракат алып, шаардык ооруканага жаткырылды», - деди Юсуфи.


Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ылдыйга бара жаткан жүк ташуучу унаанын тормоз системасы иштен чыккан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн