Бугу 12, 2024
Убакыт: 01:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Тажикстандагы май куюучу жайдагы жарылуудан жабыркагандардын саны аталды

02.05.2021 13:00
1267
Тажикстандагы май куюучу жайдагы жарылуудан жабыркагандардын саны аталды


Тажикстандын борбору Душанбедеги май куюучу жайдагы жарылуудан жана өрттөн кеминде 29 адам жаракат алды. Бул тууралуу 2-майда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


1-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19: 30да Душенбенин батыш тарабында күчтүү жарылуу болуп, андан кийин өрт чыккан. Май куюучу жайдагы өрттү он өрт өчүрүү тобу өчүрүп, жалын колоннасы 50 метрден ашык бийиктикке жеткен. Өрттү өчүрүүгө бир жарым сааттан ашык убакыт кеткен.


Май куюучу жайдагы жарылуунун жана андан кийин өрттүн кесепетинен жакын жердеги үйлөр жабыркап, 29 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышткан. Алардын бешөөнүн абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.


Ал эми жергиликтүү басылмалар 1 жаран каза болгонун айтышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн