Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:57
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Тажикстандан 100дөй койду аткезчилик менен алып келүү фактысы аныкталды

18.05.2022 14:32
299
Тажикстандан 100дөй койду аткезчилик менен алып келүү фактысы аныкталды

Баткен облусунда майда малды аткезчилик менен алып өтүү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Лейлек районундагы Майты чек ара тилкесинде Тажикстандан 99 баш койду мыйзамсыз алып келүү фактысы боюнча кыргызстандык жаран кармалган.


Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык малдын жалпы баасы 1 миллион 426 миң сомду түздү. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси ("Экономикалык контрабанда") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жыйынтыгы менен укук коргоо кызматкерлери бул ишке акыркы юридикалык баа беришет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн