Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандан 3 унаа аккумулятор алып келүүгө аракет кылгандар аныкталды

06.04.2023 10:33
445
Тажикстандан 3 унаа аккумулятор алып келүүгө аракет кылгандар аныкталды

Баткен облусунун Лейлек районунун Сай жергесинде мамлекеттик чек арага жакын жерден аткезчилик жол менен унаанын аккумляторлорун алып бара жаткан айдоочулар кармалды. Анын жалпы баасы 860 миң сомдон ашуун деп бааланууда. 


УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, чек арачылар алгач Тажикстанга тиешелүү номер менен Opel-Zafira үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочу токтотуу талабына баш ийбей, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылгандыгына карабастан кармалган.


Унааны текшерүү учурунда аткезчилик жүк – 33 аккумуляторду табылган. Айдоочу аткезчилик жүктү Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.


Эки сааттан кийин чек арачылар кыргызстандыктардын башкаруусунда бара жаткан үч унааны токтотушкан. Honda Stepwgn унааны текшерүүдө 38 аккумулятор, Opel-vectra үлгүсүндөгү унаадан 44 аккумулятор жана Opel-Zafira унаадан 42 аккумулятор табылган.


Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган айдоочулар, автомашиналар жана аткезчилик жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине андан ары териштирүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн