Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:50
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Тажикстандан 8 килограммдан ашык баңгизат ташып келе жаткан жаран кармалды

25.05.2022 17:13
736
Тажикстандан 8 килограммдан ашык баңгизат ташып келе жаткан жаран кармалды

8 кг 350 гр апийим чийки затын ташып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


  Маалыматка ылайык,    Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө «Таджикистан-Кыргызстан-Казахстан-Россия» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү  баңги заттары – апийим чийки затын ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, анын ишине бөгөт коюлду.

   

  2022-жылдын 25-майында Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда «Х.Т.У.» аттуу коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны жалпы салмагы 8 кг 350 гр. болгон баңги заты – апийим чийки заты кармалды.

 

      Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка шектүү делген жаран кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 

      Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн