2021-жылдын 18-сентябрында Лейлек чек ара кызматынын чек арачылары контрабандалык жүктөрдү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз ташууну токтотушту. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Лейлек районунун Сай аймагында чек ара кызматкери 1981-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.К.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотуп, кармаган.
Айдоочу 2400 кг жүзүмдү Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн