Бугу 06, 2024
Убакыт: 13:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Тажикстандан аткезчилик менен жүк алып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалды

02.09.2021 12:51
561
Тажикстандан аткезчилик менен жүк алып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалды

УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 31-августта Баткен облусунда аткезчилик жол менен чек арадан жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Шектүүлөр эки "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасы менен 3,6 тоннадан ашуун жүзүмдү мыйзамсыз ташып бараткан. Бир унаада Тажикстандын мамлекеттик номери болгон.


Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, 1-сентябрда чек арачылар Дахан аймагында курулуш материалдары жүктөлгөн Hyundai-Porter унаасы менен Кыргызстандын үч жараны кармалган. Алар качып кетүүгө аракет кылып, асманга атылган октон кийин токтошкон.


Текшергенде жүктүн баасы 660 миң сомдон ашуун деп бааланып, тийиштүү документтер жок болуп чыккан. Аткезчилик менен кармалган жүк жана мыйзамсыз товар ташууга шектүүлөр андан аркы териштирүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн