Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 19:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан “Тойота Камри” аныкталды

28.05.2022 13:24
625
Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан  “Тойота Камри” аныкталды


 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КР аймагында аткезчилик ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүнүн туруктуу каналы токтотулду.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


        Маалыматка ылайык,   2022-жылдын 18-мартында КР УКМК тарабынан КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун Достук айылынын А.Д. аттуу тургунунун башкаруусунда, чек арадан алып өтүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү документтери жок “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.


           Сурак учурунда унаанын ээси А.Д. бул машинаны коңшу мамлекеттин жаранынан алганын айтып, автотранспортко укукту аныктоочу документтери жок экенин тастыктаган.

 Аталган факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иш козголгон.


 Белгилей кетсек, келип түшкөн маалыматтар боюнча, буга чейин ондогон автоунаалар Кыргыз Республикасынын аймагына ушундай эле жол менен бажы жана башка төлөмдөрдү төлөбөстөн алынып келинген, алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 4,5 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.


 Азыркы учурда бул багытта кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн