Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташуу жана андан ары сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы салмагы 19 килограмм 248 граммды түзгөн гашиш алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө 44 жаштагы Д.С. жана 48 Д.Х. аттуу жарандар кармалып, тергөө абагына камалды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн