Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандык кыз "кыздыгын" 10 миң долларга баалап, аукционго койду

05.01.2021 15:22
825
Тажикстандык кыз "кыздыгын" 10 миң долларга баалап, аукционго койду


23 жаштагы душанбелик кыз кыздык белгисин First Night (Биринчи түн) онлайн-аукциону аркылуу 10 миң долларга сатууну чечти. Бул платформада дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн кыздар “алгачкы түнүн” колунда бар эркектерге сатышат.


Жакында аукциондо пайда болгон 23 жаштагы тажикстандык кыздын лотунда: ”Мен бойтойгон жакшынакай кызмын. Келечекте жакшы аял болуу үчүн бай эркек издеп жатам. Тил алчаак, жароокер жана ак көңүлмүн. Мен кыз бойдонмун”, — деп жазылган.


Кыз чыгымды кардар төлөсө, кыздыгын текшертүү үчүн медициналык кароодон өтүүгө даяр экенин кошумчалады.


Аукциондо кыздыктын баасы жашка жана өң-түскө жараша 3 миңден 1 млн долларга чейин бааланат.


Тажикстанда кыздар күйөөгө чыгар алдында аруулугун текшертүү үчүн медициналык кароодон өтүшөт. Укук коргоочулар муну адам укугун бузуу катары аташып, тажик өкмөтүн аталган талапты жокко чыгарууга чакырышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн