Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин жүрүшүнө токтолду.
Анын айтымында, кылмыш ишинин алкагында тергөө тобу түзүлгөн.
“Аскер прокуратурасы бүгүнкү күндө тергеп жатат. Бизге мүмкүн болгон тиешелүү жарандар суралган. Бирок күнөөлүү тарап башка өлкөнүн жарандары болгондуктан жоопко тартууда чоң маселе жаратат. Андыктан мен ушул жооп менен гана чектелем”, - дейт Зулушев.
Башкы прокурор чек ара маселесинде көп нерсе ачыкталбай турганын маалымдады.
Белгилей кетсек, Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусуна байланыштуу “Тынчтыкка каршы кылмыш” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн