Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тажикстандын ИИМи этникалык кыргыздарды депортациялоо боюнча маалыматты четке какты

05.05.2021 19:36
913
Тажикстандын ИИМи этникалык кыргыздарды депортациялоо боюнча маалыматты четке какты


Тажикстандын Ички иштер министрлиги бир катар кыргыз маалымат каражаттарынын Лахш аймагындагы этникалык кыргыздарга карата паспорттук көзөмөл күчөтүлдү деген маалыматты четке какты, деп билдирди Ховар маалымат агенттиги. Тажикстандын Ички иштер министрлиги маалыматты чындыкка дал келбейт деп атады.


"Кыргыз маалымат каражаттарында келтирилген фактылар чындыкка дал келбейт. Чындыгында Лахш аймагында кош жарандыгы бар этникалык кыргыздар бар. Бул кадыресе көрүнүш. Бирок, паспорттук көзөмөл күчөтүлгөн жок жана кыргызстандыктар өлкөдөн чыгарылган жок" , - деп билдирди Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун башчысы Нусрат Махмадзода.


Белгилей кетсек, Кыргызстандын ТИМне ушул жылдын март айынан баштап убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарын Тажикстандан чыгарып жаткан фактылар келе баштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн