Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Тажикстандын Жерге-Тал районунда Кыргызстандын төрт жараны кармалып турат

28.06.2021 14:08
648
Тажикстандын Жерге-Тал районунда Кыргызстандын төрт жараны кармалып турат


Тажикстандын Жерге-Тал районунда Кыргызстандын төрт жараны кармалып турат. Бул тууралуу алардын бирөөсүнүн атасы Назар Махмудов жергиликтүү басылмаларга билдирген.


Анын айтымында, 34 жаштагы уулу Айбек Махмудов үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде  Жерге-Тал районунда кармалган.


"Менин уулум буга чейин Тажикстандагы туугандарына кеткен аялын алып келүү үчүн барган. Алардын Кыргызстанда баласы калган. Баргандан кийин менин уулум камакка алынган. Бир нече күндөн кийин ал Дүйшөмбүгө конвой менен баратканын жазган. Ошондон бери менин балам менен эч кандай байланышым жок. Дүйшөмбү шаарында анын жактоочусу же тааныштары жок. Ага эмне болгонун, ал-абалын билбейм. Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги, Тышкы иштер министрлиги менен байланыштык. Тышкы иштер министрлиги иш жүрүп жатат деп жооп берди", - деди Назар Махмудов.


Ал эми активист Аким Кожоевдин айтымында, апрель айында Жербек-Тал районунан Айбек Махмудов менен кошо Кыргыз Республикасынын дагы үч жараны кармалган: Абдулбос Нуридинов, Иброим Мурзамидинов, Хатамбек Эгембердиев.


"Алардын бардыгы Кыргыз Республикасынан Тажикстанда жашаган ата-энелерин жана туугандарын көрүү үчүн келишкен. Чоң-Алай районундагы өткөрүү пункту жабылгандыгына байланыштуу, алар чек арадан Согди облусундагы өткөрүү пункттары аркылуу өтүшкөн. Алар эми чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда. Туугандарынын барып жолугушуусуна тыюу салынган. Тышкы иштер министрлигине кайрылууларга карабастан, Тажикстандагы Кыргызстандын элчилигиненэч ким барган эмес", - деди ал.


Ушул жума ичинде алардын соту болушу мүмкүн. Тажикстандын мыйзамына таянсак, кармалган кыргызстандыктар 222-444 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөйт же 2-5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн