Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Тажикстандын абагындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылды

10.07.2022 11:27
438
Тажикстандын абагындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылды


Бул маалыматты 2021-жылдын 24-октябрынан бери Коженттеги абакта кармалып турган Айдарбек Хайдаров "Азаттыкка" ырастады.

Ал өзү менен кошо тажик абактарында кармалып турган дагы 10 кыргыз жараны 7-июлда Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнүн билдирди.

Укук коргоо органдарынын талабынан улам ашыкча маалымат бере албасын түшүндүрдү.

Анын атасы Умарбай Хайдаров "Азаттыкка" абактан бошотулгандардын абалы жакшы экенин айтты:

"Баткендин Кызыл-Бел чек ара бекетинен чыгып келди. Ден соолугу жакшы. Он бир кишини чыгарып келишти. Укук коргоо органдары өзүбүз алып келебиз дегендиктен, биз барган жокпуз".

Умарбай Хайдаровдун маалыматына караганда, кайтарылган алты жаран Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы милициянын жергиликтүү пунктуна жеткирилген, төртөө Бишкекке жөнөтүлгөн.

Бошотулгандар ар кайсы мезгилде чек арадан мыйзамсыз өттү деген негизде Тажикстанда кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн