Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Тажикстандын агрессиясы: Жарадар болгондордун саны 185ти түздү

20.09.2022 12:46
693
Тажикстандын агрессиясы: Жарадар болгондордун саны 185ти түздү

Бүгүн, 20-сентябрга алынган маалыматтарга караганда, Баткен облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына жалпы 185 адам кайрылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.


Анын айтымында, 185 жарандын 21ине амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.


“164 адам стационардык дарыланууда. Бишкек жана Оштогу саламаттык сактоо мекемелерине 104 бейтап которулган. Бишкектеги Улуттук госпиталда 75, Улуттук хирургия борборунда 8, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 8, Тез жардам ооруканасында 9, Ош облустук бириктирилген ооруканасында 4 бейтап дарыланууда”, - дейт ал.


Бөрүбеков бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар экенин белгилейт.


“Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн