Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандын агрессиясынан каза болгондордун саны 62ге жетти

Тажикстандын агрессиясынан каза болгондордун саны 62ге жетти

2022-жылдын 24-сентябры саат 12:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан набыт болгондордун саны 62 кишиге жетти. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.


Анын айтуусуна караганда, Баткен облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 198 адамды түзүп, анын ичинен 62 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.


"Жабыркагандардын 13ү балдар, 171и эркектер жана 14ү аялдар. Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үчөөнүн абалы туруктуу, калгандарынын абалы орточо жана салыштырмалуу канааттандырарлык. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар", - деп кошумчалады Бөрүбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн