Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 02:24
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Тажикстандын агрессиясынан каза болгондордун жакындарына берилүүчү жөлөк пул көтөрүлөт

01.08.2023 13:09
292
Тажикстандын агрессиясынан каза болгондордун жакындарына берилүүчү жөлөк пул көтөрүлөт


Кыргызстан 2021-жылдын апрель жана 2022-жылдын сентябрында Тажикстанга баскынчылык кылуунун натыйжасында каза болгондордун жакындарына ай сайын берилүүчү жөлөк пулду көтөрүүнү пландоодо. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги өкмөттүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.


Кошумча ай сайынкы жөлөк пул дайындалат:


- каза болгондодун балдары - алар он сегиз жашка чыкканга чейин;


- каза болгон адамдардын ата-энелери (атасы, энеси) - пенсия курагына жеткенде, эгерде өлгөн адам жалгыз бала болсо - өмүр бою;


- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деп табылган жабырлануучуларга - майыптыгы аныкталган күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун мөөнөтү аяктаганга чейин.


Токтомдун долбоорунда жөлөк пулдун өлчөмүн 3700 сомдон 5500 сомго чейин жогорулатуу каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн