Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тажикстандын агрессиясынан жабыркаган чек арадагы мектептер оңдолуп, окуу башталды

24.01.2023 18:07
182
Тажикстандын агрессиясынан жабыркаган чек арадагы мектептер оңдолуп, окуу башталды

2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам талкаланган Лейлек районунун Максат жана Арка айылдарындагы орто мектептери толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.


Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аталган орто мектептерде 2023-жылдын 23-январынан тарта кадимки шартта окуу башталды.


Максат айылындагы орто мектептин оңдоо иштерине 3 млн 279 миң 760 сом, Хамза атындагы орто мектепти оңдоого 1 млн 576 миң 82 сом жумшалды. Оңдоп-түзөө иштери 2022-жылдын 12-декабрында башталган.


Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.


Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн