Бугу 02, 2024
Убакыт: 03:07
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Тажикстандын агрессиясынан жабыркагандардын саны 87ге жетти

17.09.2022 00:48
478
Тажикстандын агрессиясынан жабыркагандардын саны 87ге жетти

 16-сентябрь саат 23:30га карата алынган ыкчам маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 87 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 бейтап амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.


"Баткен облустук бириккен ооруканасына 28, Лейлек ЖДПБга 21, Кулунду ЖДПБга 3, Сүлүктү ЖДПБга 3, Улуттук госпиталга 20, Улуттук хирургия борборунда борборуна 1, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 6 жабырлануучу жаткырылды. Алардын көбү октон жана сыныктардын чачырандыларынан жараат алышкан", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, мындан мурда Улуттук госпиталдын нейрохирург, жалпы хирург, кан тамыр хирургу, анестезиолог-реаниматолог, торакалдык хирург, орто медкызматкерлерден турган үч медициналык бригада жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткенге учуп кеткендиги тууралуу маалымдалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн