Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 00:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тажикстандын ар бир аракетине жооп болот. Талибандар Тажикстанды ички саясатка кийлигишпөөгө чакырды

27.09.2021 08:37
1376
Тажикстандын ар бир аракетине жооп болот. Талибандар Тажикстанды ички саясатка кийлигишпөөгө чакырды

Афганистан Ислам Эмиратынын жаңы бийлиги Талибан кыймылы Тажикстанды алардын  ички саясатына кийлигишпөөгө чакырды. Бул тууралуу Абдул Гани Барадар "Аль-Жазира" агенттигине билдирген.


Анын айтымында, тажик бийлиги өздөрүнүн адамдарын Афганистандагы абалга таасир этүү үчүн бийликке койгусу келүүдө.


"Тажикстан Афганистан Ислам Эмиратынын ички саясатына кийлигишип жатат. Биз аларды бул кадамдан кайтууга чакырабыз.

Ар бир аракетине жооп болот",- деди Барадар.


Азыркы учурда Тажкистан Афганистан менен чектеш аймактарында чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Афганистан да чек ара аймагына атайын даярдыктагы аскерлерди жөнөткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн