Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Тажикстандын чек арачылары өзүнүн чек арасын кайтаруу менен бирге КМШ жана Евробиримдик өлкөлөрүн коргоодо, - Рахмон

29.05.2022 14:02
888
Тажикстандын чек арачылары өзүнүн чек арасын кайтаруу менен бирге КМШ жана Евробиримдик өлкөлөрүн коргоодо, - Рахмон


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзүнүн чек арачылары мамлекеттин чек арасын кайтаруу менен бирге КМШ жана Евробиримдик өлкөлөрүн дагы коргоп жатканын билдирди.


"28 жылдан бери биздин чек арачылар Тажикстандын чек арасын коргоо менен бирге Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана Европа Биримдигинин мүчө-мамлекеттерин азыркы дүйнөнүн коркунучтарынан жана чакырыктарынан, анын ичинде терроризм менен экстремизмден, курал-жарак жана баңги зат, адам сатуу жана башка трансулуттук уюшкан кылмыштардан коргоодо", - деди Рахмон өлкөнүн Чек ара аскерлеринин түзүлгөн күнүнө карата сүйлөп жатып.


Анын айтымында, аймактагы жана дүйнөдөгү өтө татаал жана сезимтал кырдаал, заманбап коркунучтардын жана чакырыктардын, биринчи кезекте терроризм жана экстремизм, диний радикализм, мыйзамсыз курал-жарак жүгүртүү, баңги заттары, киберкылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнүн масштабы өсүп жатат, биринчи орун чек арачыларды кесиптик жана саясий кыраакылыкты эч качан жоготпоосу зарыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн