Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Тажикстандын да түштүк облусунда аскердик машыгуу өтөт

06.04.2021 07:18
1348
Тажикстандын да түштүк облусунда аскердик машыгуу өтөт

Хатлон гарнизонунун үч аскер полигонунун аймагында Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан уюштурулган ири масштабдуу ыкчам-тактикалык машыгуулар өткөрүлөт. Бул тууралуу "Азия-Плюс" басылмасы куралдуу күчтөрүнө таянып билдирди.


Машыгууга өлкөнүн күч структураларынын өкүлдөрү, Хатлон облусунан келген улуттук армиянын запастагы жоокерлери, республиканын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери, Тажикстандагы 201-орус аскер базасынын солдаттары жана офицерлери катышмакчы.


Маалыматка таянсак, машыгуулар апрелдин экинчи жарымына пландаштырылып, Сумбулак, Момирак жана Харбмайдон полигондорунда өтөт.


Машыгууларга бронетехника, артиллерия жана авиация тартылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн