Курман болгон чек арачынын жубайы көз жарып, кызын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу ЖМКга маркумдун агасы билдирди.
Прапорщик Нургазы Боркошов 16-сентябрда Кара-Бак заставасында тажик куралдуу күчтөрү менен айыгышкан согушта баатырларча курман болгон.
“Инимдин артында эки уул, эки кызы калды. Анын жубайы 17-сентябрда көз жарып, кызын жарык дүйнөгө алып келди. Ал кызына Мээрим деген ат да тандап кетиптир. Мээрим Жуманазаровадай балбан кыз болсун деп”, - деп билдирген агасы.
Нургазы Боркошов 1987-жылы Баткен шаарында туулган.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 183 киши жабыркады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн