Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети беш кыргызстандыкты кармаган. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактарына таянып жазды.
16-февралда беш кыргызстандык Тажикстанга мал базарына кеткени такталды. Кайтып келишкенден кийин, алар иммиграциялык мыйзамдарды бузган деген шек менен кармалган.
«Үчөө Кадамжай районунун, экөө Баткен районунун тургуну экени белгилүү болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бир нече тажик жаранын кармаган», - деп билдирди редакция.
Пикирлер (1)