Бугу 09, 2024
Убакыт: 00:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тажикстандын куралдуу кол салуусу бизге кандай сабак берди?

03.05.2021 12:42
1095
Тажикстандын куралдуу кол салуусу бизге кандай сабак берди?


Кылымдар бою жүрөктө так болуп кала турган окуя болду. Эч кимге кара санабаган, эч кимге тийишпеген, достукту, бир туугандыкты, коңшулук мамилени бекем сактаган кыргыз элине, кыргыз жергесине капилеттен Тажикстан тараптан куралдуу кол салуу болду. Колунда куралы жок, карапайым жай турмушту кечирип жаткан кыргыз айылдарына тажик тараптын аскерлери миномет менен, алтургай тик учак менен ок жаадырды. Бош калган кыргыз айылдарынын үйлөрүн тажик тарап бульдозер менен сүрдүрүп, өрттөп, короосунда байланып турган малынан бери айдап кетишти.


Бирок, өз жерин бастырып кирген жоодон коргоо жагынан чек арага жакын жашаган айылдардын карапайым тургундары, чек ара аскерлери, атайын даярдыктагы аскерлерибиз эр жүрөктүгүн көрсөтүштү. Алар өзгө элди, өзгө жерди бастырып киришпеди, өз элин, өз жерин күжүрмөндүк менен коргошту.


Ошентсе дагы бастырып кирген тажик тараптын душмандык менен жасаган аракеттеринин натыйжасында Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү. Албетте, бул талкаланган, өрттөлгөн үйлөрдү, имараттарды кайра калыбына келтирүүгө болот. Бирок, окко учкан 34 өмүрдү кайра кантип кайтарабыз? Алардын жакындарынын, ата-эне, уул-кыздарынын өксүгүн кантип толтурабыз? Түрдүү жаракат алышкан 178 мекендешибиздин жүрөгүндө калган такты ким жууп кетире алат? Деги эле бул окуя жалпы кыргызстандыктардын жүрөгүндө калган так болду. Эми аны жууп кетирүүгө мүмкүнбү?


Дүйнө коомчулугу мындай жырткычтык аракетти кайсыл тарап жасаганын алаканга салгандай көрүп турду. Тажик тарап мындай согуштук аракет үчүн алдын-ала даярданышканы да белгилүү болду. Кыргызстандын өкмөт башчысы Татарстанда, УКМК башчысы Германияда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Тажикстанда жүргөн кезинде согуштук аракетти жасады. Кыязы, ушундай убакытты алар атайылап күткөн сыяктуу.


Эми алар өздөрүнүн жасаган мыйзамсыз, эл аралык нормаларга жатпаган кадамы үчүн жооп берүүгө тийиш. Мындай учурда кыргыз бийлигинин Тажикстандан келтирген зыяндарынын ордун толуктап берүүсүн талап кылбайбыз деген позициясын түшүнүү кыйын болуп турат. «Биз алардан чыгымдардын ордун толтуруп бергиле деп суранбайбыз. Эгер кийин Тажикстан өздөрү жасаган ишине өкүнүп, жардам беребиз десе карап чыгабыз. Биз азыр үйлөрдү куруу үчүн өзүбүздүн күчүбүз толук жетет», - деди УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жергиликтүү элдин алдында.


Эмне үчүн алардан келтирген зыяндардын ордун толтуруп берүүнү талап кылбашыбыз керек? Кандай коркок-билишибиз бар? Өздөрү тынч жаткан кыргыз жерине кол салды, талкалады, өрттөдү, куралсыз адамдарды аткылады. Эми ошол аракеттеринин баары үчүн жоопкерчилигин да тартышы керек. Кыргыз бийлиги колдо бар бардык далилдерди чогултуп, эл аралык сотко кайрылууга толук укугу бар. Материалдык гана чыгымдарды эмес, кыйылган адам өмүрлөрү үчүн да жооп берүүгө тийиш. Ансыз да дүйнө коомчулугу тажик тараптын агрессиясын алаканга салгандай көрүп турду. Далилдер ашыгы менен жетиштүү. Андыктан тиешелүү юристтер, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперттер менен кеңешип, Тажикстандын аракеттерине эл аралык деңгээлде баа бере турган аракеттерди баштоо маанилүү.


Экинчиден, бул кайгылуу окуя Кыргызстан үчүн кандай сабак болушу керек? Мындай акыбалга эмне себептен келдик? Ушул суроолордун тегерегинде олуттуу ойлонуп, тыянак чыгара турган убакыт келди.


Биринчи кезекте, акыркы отуз жылдан бери карай эле кыргыз бийлигинин коррупцияга белчесинен батып алып, мамлекеттик коопсуздукту, мамлекеттүүлүкүтү бекемдөө багытында эч кандай иш-аракеттерди жасабаганынын натыйжасы болду. Өз өлкөбүздү өзүбүздүн эле чиновниктер талап-тоноп отуруп, экономикасы эң эле алсыз өлкөгө айлантты. Мамлекет өзү жарды, ал эми анын башында отурган чиновниктер ашынган бай болду. Кантип жарды өлкөнүн чиновниктери бай болот? Же алган айлык акылары ошончолук эле жогорубу? Жоок, контрабанданын, коррупциянын арты менен доллар менен миллионерлерге айланышканы жашыруун эмес. Алар өз өлкөсүн талап-тоноп, Кыргызстанды илкий баскан, жону жооруган, кашаң атка айлантышты. Кыргыз армиясын күчтөнтүп, мекендин чебин бекемдөө керек экенин унутушту. Бүгүн биз Кыргызстанды ушундай абалга алып келген, керек болсо тик учактарды да сатып жиберген чиновниктерге наалат айтышыбыз керек. Экономикасы алсыз, аскердик техникалары да жетиштүү эмес өлкөгө басым жасагысы келгендер четтен табылат. Бекеринен Наполеон Бонапарт «Өз армиясын бакпаган эл, башканын армиясын багып калат» деп айтпаса керек.


Дагы бир жагдай, бир топ жылдардан бери карай эле карапайым эл дагы саясатташып, ички саясий күчтөрдүн колундагы куралга айланып, 5-10 миң адам топтолуп алып, улам бийликти күч менен кулата бергенибиздин натыйжасы да мамлекетибиздин алсызданышынын башкы себептеринин бири болуп отурат. Өзүбүздү өзүбүз шылдыңдаганды, келекелегенди, бөлүнүп-жарылмайды адатка айландырып алганбыз. Ынтымагы жана биримдиги жок элди сырткы душмандар оңой эле басып алабыз деген ойдо болушаарын унутпашыбыз керек. Ынтымаксыз эл бат эле арам ойлуулардын жеми болуп калат.


Эми бизге бул окуя өтө чоң сабак болду. Бөлүнгөндү, өзүбүздү өзүбүз шылдыңдаганды, келекелегенди токтотолу. Саясатчылардын куралы болбойлу. Мамлекеттик жогорку кызматтарга билимдүү, тажрыйбалуу кадрларды тандайлы. Ошондой жогорку кызматтарга барып жаткандар да, мансап үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп берем деп барышы маанилүү. Ар кандай оор кырдаалдардан жол таап чыгып кете ала турганына ишенгендер гана барышы керек. Кабылдамасы бар кабинет, кызматтык унаа жана каада күтүш үчүн, байыш үчүн барууну токтотуу зарыл. Эгерде бул жолу да сабак албасак, анда кийинкиси мындан да коркунучтуу болуп каларын унутпайлы. Элдин, жердин тагдыры оюнчук эмес.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн