Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тажикстандын куралдуу күчтөрү Тоолуу Бадахшанда атайын антитеррордук операция баштады

18.05.2022 11:45
1131
Тажикстандын куралдуу күчтөрү Тоолуу Бадахшанда атайын антитеррордук операция баштады

Бүгүн, 18-майда Тажикстандын ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусунда атайын антитеррордук операция баштады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Тажикстандын ички иштер министрлигине таянып билдирди.


Маалыматка таянсак,   Душанбе-Кульма эл аралык жолун тоскон кылмыштуу топко каршы операция башталган.

Милиция Рушан районунда жол тоскон кылмыштуу топко каршы операция жүргүзүүдө.


"Коомдук коопсуздукту жана эл аралык маанидеги жолду тоскон кылмыштуу топко каршы операция башталды",- деп айтылат маалыматта.


Ал эми жергиликтүү эл бийликтен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысын кызматтан кетишин талап кылып митингге чыккан. Митингге чыккан эл куралдуу күчтөр тарабынан аткылоого кабылып, бир нече адам жаракат алган жана бир адам каза болгон


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн