Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Тажикстандын мамилеси «Мал арыгын баксаң ооз майлайт, адам арыгын баксаң ооз каңдайт» болдубу?

04.05.2021 12:05
1328
Тажикстандын мамилеси «Мал арыгын баксаң ооз майлайт, адам арыгын баксаң ооз каңдайт» болдубу?


Ушул коңшу жашаган, кылымдардан бери достук, туугандык мамиледе болгон Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуу уюштурары эч кимибиздин оюбузга да келбесе керек. Тилекке каршы, ушундай окуя болуп кетти. Тынч жаткан кыргыз элине, Кыргызстандын территориясына тажик аскерлери куралдуу кол салуу уюштурду. Бул окуя азыр дүйнө элинин көңүлүн буруп турат. Тажик тараптын ачык эле агрессивдүү кадамын эл аралык коомчулук дагы сынга алууда.


Ошол эле убакта Кыргызстандын ичинде да коомдук жана саясий, мамлекеттик ишмерлер бул окуя тууралуу өз пикирлерин билдирүүдө. Убагында мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалаган, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев «Азаттык» радиосуна маек куруп, анда болуп өткөн окуяга өз баасын айткан экен.


«Биздин тынч жаткан элибиз бейпайга түшүп, атүгүл жабыр тартып, жоготуп, үйлөрү өрттөлүп, 12 жаштагы кызыбыз, 5 жаштагы балабыз да каза болуп отурат. Мындан өткөн оор нерсе, кайгы болбойт да. Экинчи жагынан кылымдар бою бирге жашап келаткан коңшу, атүгүл тууган, кыз беришип, кыз алышкан Тажикстандын ушундай мамилеси албетте өкүнтөт, ачууну келтирбей койбойт. Айыптагым келет. Эгер мурда майда-чүйдө чыр-чатактар, анча-мынча ок атышуулар болсо, бул ирет түздөн-түз адегенде суу башынан баштап, кийин биздин айылдарга кирип келип, желегин илип, үйлөрдү талап-тоноп кеткендери бул Кудайга да жакпайт, адамгерчиликке жатпайт, айрыкча коңшу, тууган жана дос болуп келген өлкө үчүн», - дейт ал.


Ушундай ойго келбеген окуя орун алып жаткнада айрым стратегиялык өнөктөшпүз деп келген өлкөлөрдүн унчукпаган позицияны карманып туруп алгандарына да нааразы болгонун билдирди.

 

«Ушул окуяларда бизге стратегиялык өнөктөшпүз деп, союздашпыз деп келген айрым өлкөлөр, ачык эле айтайын Россиянын дагы согуш башталганда кайдыгер карап, «Биз иликтеп атабыз» деп отурганы, коңшу Өзбекстан, Казакстандан кийин эртеси пикирин билдиргенин туура көрбөйм», - дейт Эркебаев.


Албетте, башкы стратегиялык өнөктөшүбүз деп бассак-турсак оозубуздан түшүрбөй келген Россия Федерациясынын бул мамилеси да кызык болду. ЖККУну негиздеген өлкө катары, анын курамындагы эки мамлекеттин ортосундагы жаңжалга мынчалык кайдыгер мамиле кылганы түшүнүксүз болду. Жок эле дегенде Тажикстандын Кыргызстандын тынч жаткан айылдарына бир тараптуу куралдуу кол салганын сынга алып койсо болот беле?


Эки өлкө ортосунда чыр-чатак албетте такталбай келген чек ара маселесинен улам жаралды. Негизи эле акыркы 10 чакты жылдан бери карай майда-барат чыр-чатактар маал-маалы менен чыга калып жаткан эле. Бирок, тажик тараптын агрессивдүү куралдуу кол салуусун эч ким күткөн эмес. Себеби, тээ 1990-жылдары Тажикстанда жарандык согуш жүрүп, эли азып-тозуп клаган кезде Кыргызстандын жардамы өзгөчө болгон болчу. Гуманитардык жардамдарды гана берип тим болбостон, Тажикстандын ошол кездеги расмий бийлиги менен оппозициясынын ортосуна ортомчуга түшүп, аларды ынтымакка келтирип, тынчтыкты орнотуп берген Кыргызстан болгон эле. Бул тууралуу Абдыганы Эркебаев мындай дейт:


«Акыркы убактарда чек ара 30 жылдан бери такталбай келе жатат деп айтылып келет. Биздин эгемендик алганыбызга эми 30 жыл болот Кудай буюрса, 31-августта. Ал эми 1990-жылдарда чек ара тууралуу эч кандай сөз да болгон эмес. Ал убакта коңшулаш Тажикстан чек ара тууралуу ойлонмок тургай, өздөрү кантип күн көрөбүз деп, өз ара жарандык согуш болгон, 1992-жылдан 1997-жылга чейин. Мен жогоруда тажикстандык туугандарды айыптайм деп айтканымдын себеби бар. Алар өз ара тытышып жаткан маалда биз ар тараптуу жардам бергенбиз. Ошол согуш башталганда бизге канчалаган качкындар келген. Көпчүлүгү кыргыздар, арасында тажиктер да бар. Мен ал убакта (1992-жылы) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп тургам. Ошол качкындарды кабыл алуу боюнча атайын комиссиянын төрагасы болгом. Аларды поезддерден тосуп алып, ушул көбүнесе Чүй өрөөнүнө жайгаштырганбыз. Ал убакта көпчүлүк орус туугандарыбыз өздөрүнүн тарыхый мекенине кетип жаткан. Анан бош калган үйлөргө, кашарларга жайгаштырганбыз. Ошентип Кыргызстан жүрөгүн ачып, аларга шарт түзүп берген. Экинчиден, ошол согушуп жаткан мезгилде биз расмий бийлигине гуманитардык жардамдан сырткары, курал-жарактан дагы жардам кылганбыз. Ар кайсыл жолдору менен гуманитардык жардамдарды бергенбиз. Ошондо Тажикстандын ички чатагын, өздөрүнүн согушун токтотууга Кыргызстан өлчөөсүз чоң салым кошкон. Ага чейин алардын Бадахшандагы Афганистан менен чек арасын биздин бир батальон барып кайтарышкан. Ал кездеги биздин президентибиз Аскар Акаевичтин демилгеси менен 1996-жылы май-июнь айларында азыркы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тажик оппозициясынын жетекчиси жана анын орун басары келип, биздин резиденцияда абдан оор сүйлөшүүлөр болуп, абдан чоң талаш-тартыштардан кийин аларды ийге келтирип, тынчтык протоколуна кол коюшкан. Андан кийин Москвага барып, кол коюлуп, тажик туугандардын согушун токтотконбуз. Тажик туугандарды сактап калганбыз. Алардагы жарандык согуш убагында 100 миңдейи каза болуп, дагы 100 миңдейи ар кайсыл мамлекеттерге качышкан. Тажик интеллигенцияларынын өкүлдөрү бизге келип жүргөн, биз аларга колдоо көрсөткөнбүз, ушул жактан ырларды жазышкан. Ошентип Тажикстандагы жарандык согуш аяктагандан кийин, 2000-жылдардын башында чек ара маселелери сүйлөшүлө баштаган, Тажикстан менен дагы, Өзбекстан менен дагы. Жыйырма жылдан бери сүйлөшүү жүрүп келатат десек болот», - дейт ал.


Ошентип кыргыз элинин кең пейилдигин, айкөлдүгүн, меймандостугун, ак ниеттүүлүгүн пайдаланып, жарандык согушун токтотуп, бийлигин чыңдап алган Тажикстандын учурдагы бийлигинин жакында эле Кыргызстанга жасаган мамилесин кандай кабылдасак болот? «Адам арыгын баксаң ооз каңдайт» деген ушул эмеспи.


Негизи эле тажик тароаптын чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен, тынчтык жолу менен чечүүгө анчейин ниети жок болуп жатканы буга чейин эле байкалып калганын Абдыганы Эркебаев да баса белгилейт.


«Садыр Нургожоевич президент болуп шайлангандан кийин Россия чакырды, Өзбекстан чакырды, Казакстан биринчи болуп чакырды. А Тажикстан тараптан андай мамиле болгон жок. Экинчиден, алар чек ара маселеси боюнча бизге өктөм талаптарды коюп, кыйынсынып мамиле кылды. Саны жагынан да көппүз, Афганистан менен жакын болуп, согуштук курал жагынан да күчтүүбүз деп эрдемсинип кетишти окшойт. Анан ошол убакта Тажикстанда ЖККУ мүчө мамлекеттеринин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны болуп, анан ал жакка Россиянын министри Шойгу да келип, айтор алар эмнегедир шерденип кетишти. Алар траншеяларды казып, аскердик техникаларын алып келип, даярданып алышыптыр. Биз алардай болуп шайма-шай даярдыкта болбой калганыбызды моюнга алыш керек. Бул Кыргызстан тараптан кеткен кемчилик. Болбосо, тажик тараптын кыргыз айылдарын басып кирип, өздөрүнүн желектерин илип жатканын эмне дейбиз? Бул баскынчылык да», - дейт Эркебаев.


Ооба, тажик бийлиги өтө чоң тарыхый катачылык кетирди. Кылымдар бою ынтымакта, достукта, ынак коңшулук мамиледе жашап келген эки элдин ортосуна муз төккөндөй мамиле жасады. Буга эми дүйнөлүк коомчулук да өз баасын бериши керек. Ар бир кадамдын, аракеттин өз баасы болушу шарт. Убагында боор ооруй тургандай абалга кептелип, Кыргызстандан өтө чоң колдоолорду алып, эми минтип боорго тепкендей жасаган мамилеси акыры өздөрүнүн башына өтө чоң мүшкүл алып келеринен күмөн жок.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн