Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Тажикстандын мурдагы министри Камчыбек Ташиевге кайрадан жооп кайтарды

02.04.2021 14:16
3274
Тажикстандын мурдагы министри Камчыбек Ташиевге кайрадан жооп кайтарды

Тажикстан мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи УКМКнын төрагасы Камчыбек  Ташиевге кайрада жооп берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазган. 


Ал Камчыбек Ташиевди тажик элинин бир бөлүгү болгон Ворух жашоочуларын Тажикстандан бөлүп карабоону сунуштаган.


"Мен улуу кыргыз эли, анын байыркы жана бай маданияты жөнүндө эч качан жаман айткан эмесмин. Биздин эл кошуна гана эмес, кандайдыр бир деңгээлде үй-бүлөлүк байланыштарга ээ. Биз бардыгыбыз кыргыз элинин баатырдык эпосу, анын башкы каарманы - Манас жана анын жубайы Каныкейди жакшы билебиз. Мен боордош Кыргызстандын элине, анын маданиятына жана тарыхына болгон сый-урматым жогору. Бул өлкөдө менин жүздөгөн кадырлуу досторум бар. Мен ар дайым боордош кыргыз элине бейпилдик, гүлдөп өнүгүүнү, тынчтыкта ​​жашоону, оор күндөрдө өз ара жардамдашууну жана бири-биринин кубанычын ар дайым бөлүшүүнү каалайм",- деп билдирүү калтырган Зарифи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн