Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Тажикстандын өтүнүчү менен Москвада камалган Эсен Мажитовду колдоо митинги өтүүдө

27.04.2021 11:13
683
Тажикстандын өтүнүчү менен Москвада камалган Эсен Мажитовду колдоо митинги өтүүдө

Кыргызстандык  Эсен Мажитовду Тажикстан экстрадициялап өздөрүнө туткун кылып жатканда Кыргыз бийлиги буга кайдыгер карабашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында аны бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат.


"Өз мекенин, өз жерин коргоп жаткан уул-кыздарыбыз кордоло берсе, эл тарабынан, мамлекет тарабынан коргоого алынбаса эртеңки муун коркок, кайдыгер, жалтак болуп чоңоюшу турган иш. Баткен чек ара чырында өз жерин коргойм деп тажиктер тарабынан үйү өрттөлгөн Эсен Мажитовду Тажик тарап Интерполго берип койгон себептен учурда Москвага барган жеринен кармалган.

Урматтуу мекендештер, өз уулубузду сактап калалы. Тышкы иштер министрлиги, Москвадагы элчилик өз жараныбыздын тагдырына кайдыгер болбой жардам беришин талап кылалы", - дешет Кыргыз жаранынын боштондугун талап кылган митингчилер.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн