Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тажикстандын саламаттык сактоо министри алмашты

06.05.2020 08:56
1064
Тажикстандын саламаттык сактоо министри алмашты


Тажикстандын саламаттык сактоо министри Насим Олимзода 5-майда кызматтан алынды. Өлкө президенти Эмомали Рахмондун жарлыгында анын «башка ишке өткөндүгү» жазылган.

Анын ордуна «Истиклол» медициналык борборунун жетекчиси, Тажикстан мамлекеттик медицина университетинин профессору Жамолиддин Абдуллозода дайындалган.

Олимзода өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигин 2017-жылдан бери башкарып келген. Азырынча ага кайсыл кызмат сунушталганы белгисиз.

Тажик бийлиги 30-апрелде гана өлкөдө коронавирус катталганын билдирген. Ага чейин илдетке чалдыккандар жоктугу маалымдалып, тийиштүү карантин чаралары көрүлгөн эмес. 5-майга карата өлкөдө коронавирус 300гө жакын адамга жукканы, алардын бешөө көз жумганы расмий кабарланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн