Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк чырдан улам өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 11-август күнү эртең менен болгон. Анда 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнө бычак менен кол салган. Окуя болгон учурда үй-бүлөсү жаныда болгон жана алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Ал учурда “Истиклол” ооруканасында жатканы, буга чейин операция жасалганы, абалы канааттандырарлык экени айтылат.
Худоёр Худоёрзода Тажикстандын транспорт министри болуп 2017-жылы дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн