Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Тажикстанга алгачкы ооган качкындар келе баштады

09.07.2021 08:54
1314
Тажикстанга алгачкы ооган качкындар келе баштады

Ооганстандын түндүк тарабында жайгашкан аймактарды "Талибан" кыймылы басып алгандан кийин качкындар Тажикстанга кире баштады. Бул тууралуу "Спутник Тажикстан" кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, алгачкы качкындар акыркы убактарда келе баштаган. Алардын көпчүлүгү Тоолуу Бадахшан аймагынын ооган тарабында жашаган тургундар.


Тажикстандын аймагына кирген качкындардын саны азырынча 400дөн ашты. Тажик өкмөтү качкындарга керектүү шарттарды уюштуруп жатканы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн