Бугу 16, 2024
Убакыт: 00:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Тажикстанга мыйзамсыз түрдө 3 тонна пиязды алып өтүү фактысы аныкталды

22.02.2023 15:23
298
Тажикстанга мыйзамсыз түрдө 3 тонна пиязды алып өтүү фактысы аныкталды

Баткенде 3 тонна пиязды Тажикстанга мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды.


УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 22-февралда Баткендин Лейлек районунун Сада жерлигинде 47 жаштагы Х.К. аттуу жаран Benz Sprinter унаасы менен 3 тонна пиязды Тажикстанга мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган.


Ведомстводон белгилешкендей, аталган жаран кармоо учурунда каршылык көрсөткөн. Документтер толтурулгандан кийин айдоочу, унаа жана жүк тиешелүү органдарга өткөрүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн