Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:30
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Тажикстанга жооп кылып кыргыз аскерлери «Ходжа Аълло» чек ара заставасын алды

29.04.2021 19:31
12572
Тажикстанга жооп кылып кыргыз аскерлери «Ходжа Аълло» чек ара заставасын алды

Тажикстандын күч органдары Кыргызстандын 5 чек ара тозотуна кол салды, деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматы.


«Саат 14.05 чамасында «Головной» аймагында эки тараптын аскерлери тарабынан ок атылып баштаган. Анда Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери жана жарандар жаракат алды.


Саат 17.00 чамасында тажик тарап «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» чек ара тозотторуна, ошондой эле «Кожогар» жана «Булак-Баши» чек ара постуна ок чыгарды. Миномёттон атылган октон Баткен чек ара отрядынын «Достук» заставасы өрттөндү.


Тажик күч түзүмдөрүнө жооп кылып УКМКнын «Бөрү» отряды Тажикстандын «Ходжа Аълло» чек ара заставасын алды», - деп айтылат билдирүүдө.


Чек арачылардын акыркы маалыматы боюнча, «Головной» аймагында абал оор бойдон.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Алмазбек
Тажик чек араны толук экономикалык жана физически жабыш керек .анткени алардан зиян кана коруп олтурабыз.
Шайлоо
Согуштун кереги жок бизге тынчтык керек