Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тажиктер Рогун ГЭСиндеги 2 адамдын сөөгүн табууну талап кылып жатат

08.06.2020 11:01
1872
Тажиктер Рогун ГЭСиндеги 2 адамдын сөөгүн табууну талап кылып жатат

Тажикстандагы Рогун ГЭСинде акыркы эки жылдан бери иштеп келген алтымыш жаштагы эксковаторчу Бахтиёр Файзов менен дагы бир жумушчу бир апта мурда жер көчкү алдында калып мерт болушту. Маркумдардын жакындары бийликтен алардын сөөгүн тезирээк таап берүүнү талап кылышууда. Бирок, издөө аракеттеринен азырынча натыйжа жок.


Бахтиёр Файзовдун жакын туугандарынын бири Амрихудо Амрихудоевдин “Озоди” радиосуна айтып бергенине караганда, жер көчкү эксковаторду 60 метрче ылдый карай алып кеткен. Кырсык болгон жерди жерди эксковатор менен бир жума бою казып, эч несе таба алышкан эмес. Ал эми курулуш стратегиялык объекти деп эсептелгендиктен, жакын туугандырынын өз алдынча издөөсүнө уруксат берилбейт деп айтышкан.


Бахтиёр Файзовдун балдары акча табуу үчүн Россияга кетишкен. Маркумдун Жайхан районундагы жакындары аны жайына узатуу үчүн сөөктүн табылышын күтүшүүдө. Ал эми экинчи жумушчунун аты жөнү белгисиз, курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын өкүлдөрү маалымат берүүдөн баш тартышууда. “Озоди” радиосу ал тоолуу-бадахшандык 33 жаштагы жигит экендигин гана тактай алыган.


Рогун ГЭСинин курулуш аянтчасында өлүмгө дуушар кылган кырсыктар биринчи жолу орун алып жаткан жок. Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы бул жерде алты адам мерт болгон, жети адам жаракат алышкан жана алардын экөөсү кытайдын жарандары. Ал эми бийлик мындай кокустардан эч кимге кепилдик жок экендигин эскертип келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн