Сузакта өгөй ата 3 жаштагы өгөй кызын сабап өлтүргөн. Бул тууралуу райондук сот билдирди.
Маалыматка караганда, Т.У. аттуу жаран өгөй кызын узак убактан бери сабап келген.
Ал кызды спирттик ичимдик ичүүгө, ачуу калемпир жедирип кордогон.
Кыздын апасы 2019-жылы Россияга иштөө үчүн кеткенде, өгөй ата кызды 2 жыл кордоп, сабап келген. Жыйынтыгында кыз ашказанына алган катуу соккудан көз жумган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн