Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Техникаларды начар абалга келтирген ӨКМдин айрым жетекчилерине чара көрүлөт (фото)

21.07.2020 09:22
994
Техникаларды начар абалга келтирген ӨКМдин айрым жетекчилерине чара көрүлөт (фото)

 

Инженердик-техникаларды начар абалга келтирген жетекчилерге чара көрүлөт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров мекемнин алдындагы техникаларды текшерүү учурунда айткан.

 

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун табигый кырсыктарды алдын алуудагы атайын  инженердик-техникаларынын абалын жеринен көрдү. 

 

Ошондой эле министр өз сөзүндө инженердик-техникаларды начар абалга келтирген жетекчилерге чара көрүү боюнча иштер жүргүзүлөөрүн кошумчалаган

 

Билдирүүгө таянсак, буга чейин  министр З.Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон табигый кырсыктардын алдын алуу иштери солгундалбашын тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берген. Мерчемделген объектилердин арасынан эң орчундуу жана кечиктирилгис жумуштар өлкөнүн бардык аймактарында жүрүгүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн