Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Текебаев: 10 жылда бардык максатыбызга жетпесек да, күрөш улана берет

07.04.2021 15:06
1591
Текебаев: 10 жылда бардык максатыбызга жетпесек да, күрөш улана берет

Апрель окуясына 11 жыл. Курмандыктарды эскердик


Урматтуу мекендештер, туугандар!


Мындан туура 11 жыл мурун он миңдеген кыргыз азаматтары, ошонун ичинде бүгүн бул жерде турган сиздердин көпчүлүгүңүздөр өзүм билем, зулум бийликке каршы көтөрүлүп чыккансыздар. Сиздер байлык менен мансап үчүн эмес, эркиндик менен намыс үчүн көтөрүлдүңүздөр. Элдин мүлкүн гана эмес, анын келечегин менчиктеп, атадан балага өткөрүп берүүгө аракет кылган үй-бүлөлүк режимди кулаттыңыздар. 

Бирок, бул жеңиш бизге кымбат турду. Жүзгө жакын эр-азаматтарыбыз окко учуп, миңден ашык адамдар жарадар болушту. 

Бүгүн биз аларды эскерип, алардын эрдигине баш ийип турабыз. 


Борбор калаабыздын так ортосу «Ала-Тоо», «Эркиндик» деп аталганы кокусунан эмес. Бул – бийиктик, тазалык, намыс, биздин элдин канында бар. Биз улуу максаттарыбыз үчүн өлүмдөн жалтанбаган элбиз. 


2010-жылы жеке бийлик эмес, эл бийлиги болсун деп, адам мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам үчүн кызмат кылсын деп күрөшкөнбүз. Тилекке каршы, акыркы 10 жылда биз койгон максаттардын баарына жеткен жокпуз. Бирок, намыс жана эркиндигибизди калыптандырганга чоң салым коштук.


2010-жылкы максаттарыбыз эскирген жок. Алар түбөлүк. Биз бүгүн курман болгондорду эскерип жатып, улуу максаттарыбыз күрөш улана берээрин баса айткым келет. 


Биз, бүгүнкү бийликке, анын жүргүзүп жаткан саясатына моралдык, саясий, идеологиялык альтернатива экенибизди жарыялайм. 


Урматтуу мекендештер!

Сиздерди бүгүнкү Эркиндик, Намыс күнү менен куттуктайм!

Жалпы элибизге бүгүнкү оор кырдаалда биримдик, кажыбас кайрат каалайм. 

Баштаган жолдон кайтпайлы!


Өмүрбек Текебаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн