Теке 03, 2024
Убакыт: 08:27
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Текебаев: Абдан оор абалга кептелдик. Бир кадам артка жол жок

03.07.2020 09:16
1964
Текебаев: Абдан оор абалга кептелдик. Бир кадам артка жол жок


"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев кечээ, 2-июлда пандемияга байланыштуу өкмөткө, элге жана ишкерлерге видеокайрылуу жасады.

Анын айтымында, эки ай карантинде өкмөт жана эл вирус менен күрөшүүгө даяр эмес экенин көрсөттү. Окумуштуулар аны менен кантип күрөшүүнү, кантип дарыланыш керектиги тууралуу жарым жылдык тажрыйбасын менен үйрөтүшү керек болчу.

Эки ай өттү. Кыргызстана күн ысыды. "Ысык менен кошо вирус жок болду" деп баарыбыз көчөгө чыктык. Тойго, батага бардык, митингге чыктык. Жыйынтыгында мунун кесепети абдан оор болду. Бүгүн ондогон адам өлүп атат. Оорулуулардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн. Абдан оор абалга кептелдик. Эки айдын ичинде өкмөт да, өзүбүз да даяр болбоптурбуз. Өкмөт да, өзүбүз да жоопкерчиликти көргөзбөптүрбүз", - деди ал.

Текебаев белгилегендей, өкмөт элдин медицина менен жеткиликтүү камсыздалышына шарт түзүшү зарыл. Өкмөттүн кемчилиги көп, бирок азыр сындай турган учур эмес.

"Баарыбыз жоопкерчиликти сезип, жылчыксыз фронт түзүшүбүз керек. Бүгүн да фронттогудай эле бир кадам артка жол жок. Артыбызда үй-бүлөбүз, ата энелерибиз, балдарыбыз турат. Баарыбыз бирдей жоопкерчиликтүү болушубуз керек. Кантип вирус менен күрөшөбүз? Ал ар бирибиздин колубуздан келет. Бул - тартип, бул - дистанция, карантиндик-санитардык жөнөкөй эрежелерди сактоо”, - деп кошумчалады Текебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн