Башкы прокуратуранын чечими күтүүсүз болду. Мындай пикирин Өмүрбек Текебаев бүгүн акталгандн кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим толук түрдө күтүүсүз болду.
"Биз прокуратуранын репрессиялык айыптоосуна көнүп калыппыз. Чындыгында, Башкы прокуратуранын чечими мен үчүн күтүүсүз болду.
Дагы бир нерсени баса белгилеп кетейин, Курманкул Зулушев Башкы прокурор болгондон киийн прокуратура өзгөрүүгө аракет жасап жатат",- деди Текебаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн